www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Бабановдун тагдырына Руслан Казакбаев балта чабат...

Жазгүл Урманбетова 14-январь 2019, 15:21

Саясат


Өмүрбек Бабановдун тагдырына Руслан Казакбаев балта чабат...

Руслан Казакбаев деген Өмүрбек Бабановдун “бөрк ал десе баш алган” желдети” бар. Акаев учурунда Тышкы иштер министрлигинин чет элге виза берүүчү бөлүмүн жетектеп, ал жерди өзүнүн жеке менчик туристтик компаниясындай пайдаланып оңбогондой олжого туйтунган, деп жазат Jele.kg.  Кийин капитал топтогон соң жердеши Бабановдун “этегине эрмешип” чоң саясаттын даамын татып депутат болгон. Ушул эргул кийинки кезде, өзүнүн мээ чөйчөгүн “полный отключение» кылып бир туруп Атамбаевдин, бир туруп Бабановдун “айдагы” менен тирилик кылып калды.  Узун кулак “угарман Мамыттардын” айтымына караганда, баскан-турганынын баарын экс ажо менен кеңешип анын “консультациясы” жок керек болсо дааратканага барбай калган дешет. АША болсо, Казакбаевге Бабановдун калк арасындагы кадыр-баркын кантип жогорулатуу жана анын атаандаштарына “жугунду төгүү” боюнча “мастер класстарын” катыра берип жатат кербези экен.  Башкасын айтпаган күндө дагы депутат Зарылбек Рысалиевдин түкүрүп жаткан илгерки сүрөтүн издеп таап ошону менен генералдын кадыр баркын тебелемеке “генеральный план” түзүп жаткандарын да эшиттик.  Кыязы, “чылпагын алам деп, көзүн чукуган” жорукту Казакбаев кайталайт окшойт. Болбосо, Бабанов да Рысалиев да Казакбаев өзү дагы айтылуу Талас жергесинин тың чыкмаларынан. “Өз агасын агалай албай, башка бирөөнүн агасын сагалаган” Казакбаев Атамбаевдин айдагы менен акыры Бабановдун башын түрмөгө тыкпаса болду.  Мындайда азыркы бийликке да таң калат экенсиң. Чет жакта жатып алып АША менен “күбүр шыбыр болгон” Бабановду “башынан сылабай эле” эл аралык издөө жарыялап камакка алса ким кой деди?  Кыскасын айтканда АША менен Казакбаевдин саясий жүрүштөрү акыр аягында Бабановдун тагдырына балта чабат сыяктанат...

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83