www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент: «2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот»

Жазгүл Урманбетова 14-январь 2019, 16:34

Саясат


Президент: «2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот»

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору (Мамкурулуш) Бактыбек Абдиев, Мамкурулуштун Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктү рүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Бекжан Супаналиев менен жолукту.

Жолугушуунун катышуучулары Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо стратегиясынын жана программасынын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 21 шаарында учурда 193 млн еврого долбоорлор ишке ашырылып жатат. Таза суу менен камсыздоо боюнча эң начар абал Жалал-Абад облусунда, бул региондун 148 айылында ичүүчү суу жок. Ал эми Кыргызстан боюнча 390 айылда ичүүчү таза суу жок.

Таза суу менен камсыздоо долбоорлорун Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, ЕРӨБ, Евросоюз, Швейцариялык конфедерация сыяктуу ж. б. Кыргызстандын өнөктөштөрү менен донорлор колдоп жатат, алардан өлкө көбүнчө грант түрүндө жалпысынан 191 млн доллар алган.

Мындан тышкары, Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт сыяктуу ж. б. араб өлкөлөрүнүн ар кандай фонддору Кыргызстанды таза суу менен камсыздоо долбоорлоруна инвестицияларды алып келүүгө жардам берүүгө кызыкдар.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83