Жазгүл Урманбетова 14-январь 2019, 17:45
Кыргызстанда 7-февралдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу башталат. Тийиштүү мыйзам 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирет.
Жарандарга унаасын камсыздандыруу үчүн 2,5 айга жакын убакыт берилет. Ал эми камсыздандыруу жасабаган жарандар айып пул төлөшөт.
Камсыздандыруу полисинин наркы ар бир автоунаа үчүн түрүнө, кыймылдаткычынын көлөмүнө карап эсептелет.
Камсыздандыруунун орточо суммасы 2 миң 210 сомду түзөт, ал эми максималдуу тарифи – 6 миң 500 сомду түзөт.
Буга чейин базалык полистин минималдуу тарифи – 1 миң 680 сомду түзөт деп кабарланган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!