www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат: Карыздын айынан 40 жаштагы адамдын колу-бутун сындырып, атып салышкан

Жазгүл Урманбетова 14-январь 2019, 18:14

Кылмыш жана кырсык


Ноокат: Карыздын айынан 40 жаштагы адамдын колу-бутун сындырып, атып салышкан

Ош ОИИБ тастыктаган маалымат боюнча, окуя тууралуу билдирүү бүгүн, 14-январда саат 11:20 чамасында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн.

Алынган маалыматтарга караганда, Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтүнүн 40 жаштагы тургунуна ок тийип, жаракат алган. Ыкчам терөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 22-23 жаштагы 3 адам (эркек кишилер) кармалды. Алар 40 жаштагы адамды арматура менен сабап, белгисиз курал менен атып кетишкен. Милиция кызматкерлеринин тергөө иштеринин жыйынтыгында «Хонда ЦРВ» унаасы, узундугу 1 метр 10 см эки арматура, «ИЗ-17» үлгүсүндөгү 16 калибрлүү сайсыз аңчылык куралы табылды.

Жабырлануучу аларга 48 миң сом карыз болгон. Шектүүлөр аны талаага алып барганда кайым айтышуу чыккан. Ал эми Ноокат аймактык ооруканасынан билдиришкендей, жабырлануучу — 1979-жылы туулган И.Н. оор абалда ооруканага жеткирилген. Анын 2 колу сынып, бутуна ок тийген. Тактап айтканда, баш сөөгү катуу жабыркап, ошондой эле буту да сынып кеткен. Учурда абалы абдан оор, өзүнө келе элек. Жабырлануучуга жардам көрсөтүү үчүн Ош шаарынан тиешелүү дарыгерлер барат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83