Жазгүл Урманбетова 15-январь 2019, 12:38
Президент Сооронбай Жээнбеков жүк ташуучу учактын кулашынан улам адам өлүмүнө байланыштуу, Иран президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, 14-январь күнү Бишкектен саат 7.16да учуп кеткен аба кемеси Тегерандын жанындагы Карадж шаарында кулаган. Башка аэропортко конууга аракет кылган учкуч рулга ээ боло албай, учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен да, эл жашаган аймакка сүрүлүп барган. Кийинчерээк учактын ичиндеги 16 кишинин бирөө гана аман калганы айтылган.
Белгилей кетсек, учактагы жүк "Навидист" ЖЧКсына тиешелүү болгон.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!