www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээрбек Мискенбаев жумушунан айдалды

Жазгүл Урманбетова 15-январь 2019, 17:06

Саясат


Мээрбек Мискенбаев жумушунан айдалды

ММКларга тараган маалыматтарга таянсак, "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин жетекчиси кызматынан кеткени тууралуу кабар тарады. Кезектеги жыйында Мээрбек Мискенбаев өз арызынын негизинде кызматтан алынып, анын ордуна Амантур Жамгырчиев шайланды. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси 2010-жылы түзүлгөн. Мээрбек Мискенбаев аны 2013-жылдан бери жетектеп келген.

«Жетекчиликтин алмашышы биздин ишибизге таасирин тийгизбейт. Биз мындан ары апрель революциясынын баатырларын, катышуучуларын социалдык жактан камсыздоо иштерин кенен жүргүзүп турабыз. Ал эми саясатта калыс көз-карашта болобуз», — деп билдирди жаңы төрага Амантур Жамгырчиев. «Айкөл Ала-Тоо» 17-январдагы митинге катышпайт. «Бизди 7-январда өткөн митинг менен байланыштырып жатышат. Биз ага катышкан эмеспиз. 17- январдагыга дагы кошулбайбыз жана Кытайга каршы чакырыктарды колдобойбуз», — дейт Амантур Жамгырчиев.

Эске салсак, Мээрбек Мискенбаев мурда ЖКтин КСДП партиясынын депутаты болчу.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83