www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш мыйзамдан орус тилинин макамын алып салуу сунушталууда

Жазгүл Урманбетова 16-январь 2019, 10:45

Саясат


Баш мыйзамдан орус тилинин макамын алып салуу сунушталууда

Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын жоюуу үчүн референдум өткөрүү сунушталууда. Бул — коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайынын аткаруу комитетинин конституциялык реформа үчүн даярдаган мыйзам долбооруна жазылган жети сунуштун бири.

Бишкекте өткөн жыйында коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн өкүлү Азимбек Бекназаров орус тилине байланыштуу маселеге мындай комментарий берди.

«Орус тили бизге керек. Бирок ал эл аралык тил макамы менен керек. Сыртка чыкканда колдонуш үчүн керек. Бала бакчадан баштап англис тили менен бир катарда окутулушу керек. Макамы — Бириккен Улуттар Уюмунун тили — англис тили сыяктуу эл аралык болушу керек. Мамлекеттик тил — кыргыз тили эле болушу керек. Иш кагаздарынын баары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, иш-чаралар кыргызча өтүп, аткаминерлер кыргыз тилинде иштеши керек. Антпесек кыргыздар жоюлуп кетебиз», -деди ал.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83