Жазгүл Урманбетова 16-январь 2019, 16:40
Бакыт Төрөбаев жаңы мыйзамдардын иштеши тууралуу жана мигранттардын маселесин ким чечет деп маселе көтөрдү. Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында буга байланыштуу маселени көтөрүп, Жогорку Кеңеште өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады.
"Учурда ар кандай маселелер коомдо айтылып жатат. депутат "Өкмөт уят эле болду" деп билдирди. - Түкүрүп кеткен адамга ушул күнгө чейин айып пул салына элек, - деп айтты.
- Митинг жасайлы деп жатышат, 60 миң биздин кыргыз кыздары кытайга турмушка чыгыптыр деген такталбаган маалыматтар тарап жатат. Муну акыры ким карайт, ким буга жооп берет? - деп ачуу сөздөрүн айтып алды.
Төрага Дастан Жумабеков Бакыт Төрөбаев туура маселени көтөргөнүн баса белгиледи. Спикер аталган маселелер боюнча тийиштүү мекемелерге запрос жиберилип, жооп даярдалат деп жооп узатты.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!