www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cооронбай Жээнбеков футболчуларга жана машыктыруучуга ыраазы болду

Жазгүл Урманбетова 17-январь 2019, 12:20

Саясат


Cооронбай Жээнбеков футболчуларга жана машыктыруучуга ыраазы болду

Кыргыз футболчуларына "Азия кубогундагы" жеңиши үчүн ыраазычылыгын мамлекет башчы 17-январда сыйлык тапшыруу аземи учурунда билдиргенин Президенттин басма сөз кызматы маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мекенге ак кызмат кылууга мисал келтирип жатып, футболчуларга токтолгон:

- Кечээ биз, кыргызстандыктар, биздин футболчуларыбыздын абдан сонун оюнуна жана жеңишине күбө болдук. Биздин курама Азия кубогунда алгачкы жолу ойноп жатып эле, ушундай сонун ийгилик жаратты. Алар филиппин оюнчуларын 3:1 эсебинде жеңип, биздин элге чыныгы майрам тартуулашты. Бул тарыхый окуя, ийгилик! Биздин балдар кийинки оюндарда да жакшы оюн көрсөтө алышат деп ишенем- дейт өлкө башчы. 

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле биздин курама команданын башында турган, футболду мыкты түшүнгөн машыктыруучуга ыраазы болгонун билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83