www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рыскелди Момбеков Өкмөттү - "Түкүрүк Өкмөт" деп атады

Жазгүл Урманбетова 17-январь 2019, 15:21

Саясат


Рыскелди Момбеков Өкмөттү - "Түкүрүк Өкмөт" деп атады

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков буга чейинки иштеп келген өкмөт кандай аттарга конгонун атап кетти жана акыркы кабыл алынган айып пулдар боюнча кодексти сындады. “Эгемендиктин ээрине отурганыбызга 28-жыл болуптур, бирок бизде 30-өкмөт иштеп жатат. Орточо эсеп менен алып көрсөк, ар бир өкмөт 9 ай эле иштейт экен. Ар бир өкмөттүн өзүнүн мөөнөтү болот жана эл тарабынан берилген дөөлөтү болот. Мындайча айтканда аты болот.

Азыркы өкмөттүн аты “түкүрүк өкмөт” деген ат коюлду. Ага өзүнүн кадамдары. Адамдары себеп болду. Жаңы кодекстерди киргизебиз деп, жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди”- деди Момбеков.

Рыскелди Момбеков канча адам түкүрүп, мындан өкмөт канча каражат түшүргөнүн сурады.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов түкүрүк боюнча айып пул салынбаганын айтты. "Түкүрүк боюнча бир сом да айып пул салына элек, эскертүү гана болуп жатат. Биздин максат - акча түшүрүү эмес,коомдук жайларда тартип орнотуу. Жалпы 2 319 бузуу катталган анын ичинен 1 090 жаранга эскертүү берилген, 1 229 бузуучуларга жалпы 4 миллион 36 миң сом айып пул салынган. Ал эми түкүрүк боюнча айып пул салына элек", - деди Курсан Асанов. Эл өкүлү ошондой эле,  "Түкүрүк" боюнча мыйзамдын авторлору ким экендигин айтып берүүнү суранды.

Анын авторлору: Анвар Гафуров, Гульмира Дербишева, Мыктыбек Мамышов, Алтынай Сманалиева, Жоробекова, Сыдыкова, Малгынов, Сулайманова жана бир топ адамдар анын ичинде айрым депутаттар да бар экенин Курсан Асанов жашырган жок. Бирок, "так аты-жөнүн айтып бере албайм, жазуу түрүндө берейин" деп баарын күлдүрдү. Мындай жооп уккан Момбеков "Ырдаган ырчы деле, ырдап жаткан ырынын авторлорун билет да", - деп жооп берди.

"Батышта "баксы" менен айлык алат, бизде сом менен айлык алат. Тарнспорт министрлиги учурда "тонировка" боюнча бир адамга айып пул салган жок. Ал эми ичп алып айдагандар боюнча 17500 сом абдан чоң айып пул деп баса белгиледи. Силер акча таап жатасыңар. Курсан Асанович, сиз Манас айткандай эле менин убактымды алып койдуңуз. Бул мыйзам жакшы. Өкмөттүн ар бир адамы, ар бир кадамы бизге каршы иштеп жаткандай элес калтырып жатат.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83