Жазгүл Урманбетова 17-январь 2019, 17:45
Бул тууралуу төрага бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Кыргызстанда 7-февралдан тарта унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) башталарын эске салып, бул мыйзамда талаштуу маселелер бар экенин жана бул коомдо нааразылыктарды жаратышы мүмкүн экендигин айтты.
“ОСАГО жөнүндө мыйзамдын ишке киришүүсүнө аз эле убакыт калды. Эгерде мыйзамда кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюуга жетише албаса же тийиштүү шарт жок болсо, анда аны кийинкиге калтыруу керек. Биз анын күчүнө кирүү мөөнөтүн мурда дагы 2019-жылга чейин узартып бергенбиз. Ошондуктан, анын күчүнө кирүү мөөнөтүн эми 2021-жылга жылдыруу зарыл”, – дейт төрага.
Белгилей кетсек, Дастан Жумабековдун мындай сунушун депутат Төрөбай Зулпукаров ОСАГО жөнүндө мыйзамда кемчиликтер бар экенин эске салып, анын күчүнө кирүү мөөнөтүн эки жылга – 2021-жылга чейин узартуу зарылдыгын белгилеп өтүп, төраганын сунушун колдогон.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!