www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингчилерди кафеге алып барышып “курсактарын кампайтышкан”

Жазгүл Урманбетова 18-январь 2019, 10:43

Саясат


Митингчилерди кафеге алып барышып “курсактарын кампайтышкан”

Илгери “кыңыр иш кырк жылда билинет” дешчү. Азыр заманына жараша “кыңыр иштер” кырк күнгө жетпей ачыкка чыккан мезгил. Арадан бир жума өтпөй 7- январдагы жасалма митингдин чоо-жайы коомчулукка маалым боло баштады. Көрсө, митинг жалаң 1000 сомдуктун күчү менен “демдүү” өткөрүлгөн экен. Башкача айтканда, ар бир митингчиге “эмгек акысы” катары миң сом алдын ала төлөнүп берилген. Андан соң “чоо чаап келгенсиген”, жоон топ митингчилерди айтылуу “Арзу” кафесине алып барышып “курсактарын кампайтышкан”.  Билишибизче, “Арзу” кафесинин ээси - уйгур улутундагы “капчыктуу” адамдардын бири. Буга чейин айтылып келгендей, уйгур сепаратисттеринин максаты, дүйнө элине кытай мамлекеттин жаманатты кылуу экени белгилүү.

Демек, бул сөздөр жөн жерден айтылбаганын, жогорудагы окуя дагы бир жолу далилдеп жаткандай.  Ошол эле мезгилде Кыргызстандын эгемендигине, бүтүндүгүнө, тынчтыгына “түкүрүп койбогон” өзүмчүл саясатчы болумуштар, “арканды алыс таштай албай” уйгур сепаратисттеринин кытайды жаманатты кылуу аракеттерине аралашып кетип жатканы өкүндүрөт.

Алды артыбызды карабай, аңыраңдай берсек, кытай деген улуу державанын каарына калып, жалпы журтка кесепети тийип жүрбөсүн?! Же эмне мекен үчүн болгон ыйык сезимден, бийлик, байлык деген көрпенделик сезимдер өйдө турабы? - Учур порталы жазды.

Ал эми кечээки митингде айрым адамдар "Кытайга алтындын лицензиясын сатты",- деп айтып жатышат. Эмнеге 2012-2013-жылдары Атамбаевдин убагында кайрылышкан эмес деген суроо жаралат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83