www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бир боорубуз" Данияр Үсөновдун сөөгү Малайзияга коюлганбы?

Кызгалдак Жакыпова 31-январь 2019, 13:08

Саясат


"Бир боорубуз" Данияр Үсөновдун сөөгү Малайзияга коюлганбы?

Кыргызстандан шектүүлөр чыгып кеткени боюнча рекорд койдук окшойт. Керек болсо акчалуу кишилерди күч түзүмдөрүнүн лөктөрүөздөрү сылык-сыпаа узатып коюшат. Албетте, бекерге эмес шыбагасын алып туруп. Ошол эле Данияр Үсөновду кадимки бир генерал коштоп чыкканы боюнча далай ирет айтылган. Антсе да анын аки-чүкүсүн териштирген эч ким болбоду. Ошол каарман азыр деле ат тезегин кургатпай маалыматын берип жүрөт каадалуу кишидей болуп.

Минскиден жай тапкан Даникең болсо азыр Урицкий болуп өзгөрүп алыптыр деген каңшаар пайда болду. Аты да сонун экен Даниил деп. Капыстан берилген суроого болсо хохма жообу дүң этти. Көрсө сыртынан тон бычылып узак мөөнөткө кесилген Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзиядан мерт кетиптир. Аны да ушул Урицкий оозу-мурду кыйшайбай туруп айтып берди.

Ушундан улам суроо жаралат:

-Эмнеге биздин оперлер ошол фактыны тастыктоого кам көрүшпөйт? Болгондо да өкмөттү башкарган адам дүйнөдөн өтүп жатса тим жатканыбыз туура эмес го? Жакшы ит жоголсо деле издеп каларыбыз жалганбы? Ага караганда кара башыл адам өлүп жатпайбы? Эмнеси болсо да кайдыгерликке барбоого мезгил жетти. Прокуратура Малайзияга керектүү кагаздарын жөнөтсүн. Ошондо Д. Үсөновдун өлүү же тирүү экени билинет. Ал эми белорустун жараны Д. Урицкийге баалуу маалыматы үчүн алкыш айтышыбыз керек, же натуура болуп калабы?

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83