www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жасалма дипломдор түгөнбөйт го?

Кызгалдак Жакыпова 31-январь 2019, 15:25

Саясат


Жасалма дипломдор түгөнбөйт го?

Эсимде, илгери союз куларына аз калганда “самопал милисалар” кармалып алтоосу иштен айдалган. Ошол кезде бул кабар коомчулукту дүрбөткөн эле. Самарканддан жасалма диплом алган “кызыл шапкечендер” заматта кызматтан ыргып, бышмыйып кочегар болуп калышкан.  Ал эми акыркы жылдарда жасалма диплому бар айыл өкмөттөрү, бала бакчанын башчылары эле жазаланып, чоң кызматтагылар, депутаттар дале болсо жылуу ордунан козголбой кала беришкени  эмнеден?

Жогору жактын канатынын алдында калган шаар мэри деле бир тал чачы түшпөстөн жигердүү иштеп жатат. Эл өкүлү дагын козголуп койгон жок. Жакшылап иликтешсе жүздөгөн жасалма дипломдун “үзүрүн” көрүп жүргөндөр табылаары калетсиз. Албетте, ошолордун ичинде дале болсо күч түзүмүндө күпүлдөп иштеп жүргөндөр  чыгаарына шек жаралбайт. Сабатсыз болсо да шылуундукту үйрөнгөндөр эч кимге камчы салдырчудай эмес. Окумуштуулук даражаны плагиаттык ыкма менен өзүнө оодарып алган академик, профессорлор  турганда анын жанында “самопал диплом” шоона эшпей калат го?  

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83