www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдого кор болгон наристелер..

Кызгалдак Жакыпова 31-январь 2019, 17:18

Турмуш


Молдого кор болгон наристелер..

Бул окуя 2000 -жылдары кадимки эле Бишкек шаарынын чок ортосу аталган Ош базарынын жанындагы азыркы Бейшеналиева көчөсүндөгү Мечитте болгон болучу. Ал кезде азыркы чоң мечиттин ордунда кичине эле мечит болгон.

Ал кез эмне Акаевдин учуру. Нак бардак заман болуп, эл Россияга бакыт издеп жаңыдан кетип жатышкан кез эле.

Курган ата-энелер беш-алты жаштагы балдарын жана кыздарын ириде айтылган мечиттеги имамга акчасын төлөп таштап кетип жатышкан. Ал имам жетимиштен өтүп калган, далдайган бою узун кары киши болучу.

Балдардын апалары “Намаз окуйт, ыйман жолунда жүргөн киши” деп ишенип таштаса керек. Кеминде мечитте он бештей наристе балдар бар болучу. Андан дагы намазга келгендер дагы азык-түлүк алып келип, ал балдарды баккан имамга берип кетишчү. Жай мезгили эле. Балдар мечиттин алдында, дарбазанын ичинде эки катар кылып салынган жыгач серүүдө жатышчу.

Азыр дагы ал жаш балдардын көздөрүндөгү кусалык, ата-энелерин сагынганы, тыңгылыктуу тамак ичпей, коркуп-корунуп турганы көз алдыма элестейт. Белгилүү жазуучу Максим Горький “балдар жер бетинен жандуу гүлдөрү” деп бекер айтпаса керек. Оюн менен күлкүгө тойбой турган кездеринде ыйманы тайыз молдокеге кор болуп, аны тик карай албай жалтаңдап, коркуп өсүп жаткандары ушунчалык зээнди кейитчү.

Бир күнү машина менен келе жатып, куптан намазын окуй кетейин деп мечитке кирип калдым. Жаңы гана парз намазын окуп, сүннөттү окуганы жатканымда кичине кыздын чырылдаган, ушунчалык аянычтуу чыккан үнү угулуп алды. Мен намазды токтотуп сыртка атып чыксам, алиги сакалын сербейткен молдоке, кичине наристе кыздын шымын шыпырып алып, көчүгүнө тал чыбык менен чаап, уруп жаткан экен. Ал эми кыз чыбыктын уусуна чыдабай чаңырып  жатыптыр. Анын ошол абалына ушунчалык зээним кейип, чуркап барып эле молдокени колдон алып:

-Бул эмне кылганыңыз?-десем, курган киши:

-Шымына сийип салыптыр!-дейт. Бала да, бала деген ошентип эле чоңогон да. Сийип койгону үчүн чыңыртып сабаган кантип болсун. Эх, алыста иштеп жүргөн апасы баласынын же кызынын молдокеден токмок жеп, коркуп жашап жатканын билбейт да. Билип, өз көзү менен көрсө кандай абалда калмак. Ошондо менде мындай ой пайда болду, динге берилип, бир мечититтин имамы аталган молдоке, баккан акысын алып, анан акыл –эси жетиле элек наристеге теңелип, чучуктай чыңыртып сабап жатса, ыйманы тайыс адамдар эмнени гана кылбайт. Азыр ошол мечитте молдокенин таягын жеп, коркуп-үркүп жашаган балдар менен кыздар чоңоюп, бойго жетишкендиктери менен көргөн кордуктары эстеринде калса керек. Айтайын дегеним, өз каныңардан жаралган балдарды ишенип эч кимге таштабагылачы. Ансыз деле канча наристе ур-токмоктон чарчап калып жатышат. Имам аталган молдоке алиги ишти жасап жаткан соң, башкалардан эмнени күтсө болот. Айтмакчы, учурда баягыдай сабыр жок, элдин көбү телефондун кулу болуп, сөз көтөрө абай калганын да эске алып, эч кимге ишенбегиле демекчимин.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83