www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-премьер министр Жоомарт Оторбаев кайда?

Айдар Нуралиев 13-февраль 2019, 12:01

Саясат


Экс-премьер министр Жоомарт Оторбаев кайда?

Эркиндикти алганы өлкөбүз деле өкмөт башчыга жарыбай койду. Ошол себептен ажолордун да иши кыйчалыштап, элдин ишениминен кетти. 28 жылдан бери отузга чукул өкмөт башчы алмашты. Алардын катарын Жоомарт Оторбаев дагы толуктап, өкмөт башчы болуп иштеген деген гана аты калды. Анткени иштеп турган учурунда оозго илине турган эч иш кыла алган жок. Иш кылган болсо, анда иштен кетпейт эле го? “Вазир жакшы, хан жакшы” деп айтылгандай вазирлер жаман болгон үчүн, хандарыбыз да жаман болуп даректерине жагымсыз сөздөр атылып жатат. Эгер өкмөт башчы тың болгондо ажого эч жман сөз тийбейт эле.

Жоомарт мырза созулган кыздай, үнүн жай чыгарып, эч кимге катуу айта албай жүрүп эле иш сапарынын аягына мөөнөтүнөн мурда жетип, премьерликти тапшырып кеткен бойдон дайын-оту билине элек. Эх, премьер болгон киши сүрдүү, айткан кеби айбаттуу, кылган иши жигерлүү болсо аны ким иштен айдайт. Азыр адамга сый жарашпайт. Сый жарашса министрлер алгылыктуу иштерди жасайт эле го. Кыскасы Жоомарт мырза огожо премьерлердин эле катарын толуктандай болуп калды.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83