www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келин менен келген кут

Кызгалдак Жакыпова 19-февраль 2019, 13:30

Коом


Келин менен келген кут

Тээ илгертен бери атылган кеп бар эмеспи “келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр” деп. Ансыңары ар бир адам өзүнүн пейил-ниетине жараша жашоодо өз орду болот белем.

Акзуура бала кезинен аз уктап, көп окуп, апасына эже -сиңдилеринен көп жардам берип, улутубуздун салт-санаасына дагы маани берип, пакиза болуп өстү. Мектепте дагы жакшы баада окуп, мугалимдер дагы сыйлап турушчу. Акыры чоң окуу жайга ата-энесин кыйнап, контракт төлөтпөй бюджетке өттү.Андан дагы жылдызы жанган, көздөрү жайнап турган көзгө толумдуу кыз. Бирок эмнегедир жаштардын дарысы болгон “сүйүү” деген немеден алыс болду. Мектепте окуп жүргөндө артынан канча бала сөз айтып, арзуусун арнады. Бирок аларга көңүл деле бурган жок. Эмнегедир ой-жүгүртүүсү башкача, жошоого терең көз караш менен караган, кийген кийими эски болсо дагы таза кийип, ашыкча деле жасанчу да эмес.

Төртүнчү курсту окуп жүргөн кезинде Албан деген бала менен таанышты. Албан дагы окууга берилген бирок кызга жакын эмес, адамдык сапаты бийик болгону менен кедей үй-бүлөдө өскөнү анын кийген кийиминен эле билинип турчу. Акзуура ушул жашка келгени арзуу эмне экенин деле билген эмес. Ал турсун бирөөнү жакшы көрүп калам деп оюна деле албаса керек.Бешинчи курсту окуп жүргөн кезинде Албан оюна койбой ала качып алыскы айылга алып кетти. Канчалык каршы болгону менен ал арактенинен эч майнап чыккан жок. Бир жагынан өзү деле Албанды жакшы көрөт, бирок окууну чет өлкөгө барып окуп улантам деген изги оюу бар болучу.

Акзуураны, Албан чоң атасынын үйүнө алып келген.  Келин болуп келген үй чындап эле жетишпеген жашоодо жашарын келип эле байкады. Бирок тагдырдан качып кайда барат. Келген күндүн эртеси келин көрүп келген айылдагы бир кары кемпир Акзуураны көрүп эле, көзү жайнап, жанында турган Албандын чоң апасына карап:

-Калемкаш, силерге Кудай берген экен. Бул келинде ырыскы бар турбайбы, эми колуңдан келсе келиниңди кор кылбай жакшылап күтүп алгыла. Силердин дагы тилегиңер кабыл болуп, үнүңөр жетчү жеге жеткен экен-деп айтканы Акзуураны катуу ойго салып койду. Андан дагы нике кыйылганда өкүл атасы менен өкүл апасы дароо эле бир тай энчилеп, эртең алып кеткиле деп айтты. Кыскасы, Акзуура келин болуп келгени үйгө кирише кирип, шаарда иштеген өзүнүн кайын атасы Болсунбек кайра ишке орношту.

Арадан аз өтпөй Албандын отузга чыкканча турмушка чыкпаган эжеси турмушка чыгып, жакшылык-жакшылыкка уланып кайра той уланды. Бул дагы Акзуура менен бирге келген кутпу же аны менен келген ырыскыбы аны так кесе айтуу кыйын.  Кайын эжеси жакшы жерге чыгып, кудалар калыңды очойто берип, шаардын көзгө басар ресторанынан той беришти. Мунун баарын чоң кайын энеси байкап жүргөн белем, Акзуураны алкап, жан-алы калбай жан тартып, батасын аяган жок.

Андан дагы Албан окууну бүткөндө министрге жардамчы болуп иштеп, иши алдыга жылып, эки жылга жетпеген убакытта квартира алганга да жетишти. Ал эми өзүнүн кайын атасы Болсунбек ишинен сырткары бизнес ачып, кайын энеси Батина Дордойдон контейнер сатып алды. Буга чейин иштери кыйчалыштап жүрүшпөй жаткан эле.

Алиги айылдык кемпир айткандай Акзуурада ырыскы бар экенин, чоң кайын энеси Калемкаш качан шаарда турган баласынын иши алдыга жыла баштаганда эле байкаган. Кыскасы Акзуура келин болуп келген он жыл ичинде Болсунбектин үйүндө чоң жетишкендитердин болгонун, келини Акзуурага байланыштырып жүрүштү. Андыктан  “Жаман кыз турмушка чыгарда ошол жактан бакыт тапсам деп чыгат, жакшы кыз турмушка чыгарда ошол жакты бактылуу кылсам деп чыгат” деп бекер айтылып калбаса керек. Кээ бир жакыр жашаган кишилер келин алганда турмуштары оңолуп кеткени да турмушта кезигет. Андыктан жаш кыздар турмушка чыгарды көп уктабай, көп окуп, баган жериңерге кут, ырыскы ала баргыла деп айтмакчыбыз.

Бердикожо Бийназаров,

NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83