www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар Мурзакулов: "Советтик Кыргызстандан мураска калган ЖЭБди АШАнын учурунда курулган деп оозу мурду кыйшайбай айтты да.."

Айдар Нуралиев 22-февраль 2019, 18:42

Саясат


Сапар Мурзакулов: "Советтик Кыргызстандан мураска калган ЖЭБди АШАнын учурунда курулган деп оозу мурду кыйшайбай айтты да.."

Тогуз толгоо бир келдиби?

Бүгүн Форум Ишканасынын имаратында Атамбаев баш болгон, Карамушкина төш болгон КСДПчылыр журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. А дегенде Атамбаев айтчу сөзүн айтып, акыркы үмүтү аялдарда калганын кыйытып акырын жылып чыгып кетти. Андан кийин маалымат берүү үчүн калган жетөө кенен отуруп жебирегенге өтүштү. 
"Ал эле, бул эле апийимдин гүлү эле" дегендей алардын айткандарына таянсак бүгүнкү күндө ЖЭБ боюнча жемкорлукка шектелип отургандардын баары сүттөн ак, айран аралашкан эмес экен.

Анда ЖЭБдеги акчаны ким жеди?...

Дагы биринин (атын билбедим) далдыраганы боюнча ЖЭБ курулбаса элдин баары ошол кышта торойуп, тоңуп өлүп калмак экен. Ээ айланайын калайык тээ Советтик Кыргызстандан мураска калган ЖЭБди АШАнын учурунда курулган деп оозу мурду кыйшайбай айтты даа калды. Катары менен калптарды катыра ура беришкендиктеринен өздөрү уялбаса дагы карап отурган биз уялгандай болдук. КСДП өтө сонун таза болчу аны булгагандардын көбү Жогорку Кеңеште депутат болуп отурушуптур. КСДП Атамбаевсыз кыймылын уюштурган Асылбек Шарипович Жээнбеков дешти. Эгерде Асылбек Жээнбеков башында турбаганда Сагынбек Абдыракманов деген ким ал (пешка), өзү жалгыз эч ким эмес деп Кундуз Жолдубаева кобурады. Бүгүнкү маалымат жыйынындагылардын маалыматында жалаң бийликтен кордук көрүп, куугунтук болуп жаткандыгын айтышат. Күн сайын камоолор болуп, алар жалаң АШАнын тарапташтары имиш.

"Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" деген кеп бекеринен чыккан эместир. Эч бир далили жок эле кулагынан сүйрөп барып камап салууга болобу. Эгер андай болсо бакылдап жаткан ЖКнын депутаты Карамушкиндин кызы кантип эле карап отуруп алды. КСДПны оор акыбалга жеткирген КСДП Атамбаевсыз кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдырахманов болуп жатыптыр. Сагынбек Абдырахманов бул кыймылды баштабаганда баардыгы бир калыпта болуп, мурдагыдай эле жемкорлук менен уурулукту уланта албай калышкандыктарына катуу кападар болуп жаткандыктарынын кабары десек болчудай. ЖЭБдеги жемкорлуктун башында Асылбек Жээнбеков болуш керек болчу, азыркы бийлик андан кыйгап өтүп капыстан Сапар Исаковду кармаганына түшүнө албай жатышыптыр. Анысына да майли дейли.

Кечээ жакында кытайларга каршы өткөрүлгөн митинг өтүп жаткан учурда Карамушкиндин кызы Ала-Тоо аянтында сейилдеп жүрүп, ага чейинки кабарланган митинг жөнүндө таптакыр укпаптыр. Мындай чындыкка таянсак Бишкек эмес дүйнө жүзүнө жайылган чуулу митингди укпай калган ЖКнын депутатынын жолу болсун дейбизби. Кийинки ЖКга боло турган шайлоодо АША КСДПнын тизмесинин сап башында болоорун Кундуз Жолдубаева ачык жарыялады.

Андай болсо АШАнын күнү азыркы маалымат жыйынындагы аялдарга түшүп калганынын ачыктан -ачык кабары болду. Анткени Асел Кодуранова АША менен Президентти элдештирүү аракетин көрүп, ортомчу болгондо АША даярданып отурса Президент келбей коюп, АША аябай капаланыптыр. КСДП Атамбаевсыз кыймылына кыйла жардам берип жаткан мурдагы фраксия башчысы Иса Өмүркулов дешти. Анда бүгүн КСДП фраксиясын ким башкарып жатканынан ким кабардар кылат деп оозубуз Ошту карап отурабыз. Бүтүндөй жамы-журтка карандай калпты токуп, жөө жомокту жобурагандарына караганда булардын "тогуз толгоосу бир келип калган шекилдүү" .

Сапар Мурзакулов

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83