www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда усулдук окуу жыйыны өттү

Айдар Нуралиев 25-февраль 2019, 11:04

Коом


ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда усулдук окуу жыйыны өттү

Ар бир жетекчи өздүк курамдын жетектөө менен бирге алардын жөндөмдүүлүгүнө, кызматтык тартибине, мыйзамдуулукту бузбоого жана алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура, так  кынтыксыз аткаруусуна артыкча көңүл буруп, алардын ишмердүүлүгүн жогорулатууда ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет.

Үстүбүздөгү жылдын 21-февралынан 23-февралына чейин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түндүк аймагы боюнча жетектөөчү курамдын кызматтык ишмердүүлүгүн жогорулатуу, күжүрмөн даярдыкты жана кызматтык тартипти жогоруулату максатында, бөлүктөрдүн жетектөөчү курамынын кызматкерлери менен биргеликте усулдук окуу жыйын болуп өткөрүлүп жатат.

Кечээ, Усулдук окуу жыйынынын алкагында атайын багыттагы полктун плацында атайын тактикалык машыгуу болуп өттү.  Аталган машыгууда массалык башаламандыкка жол бербөө жана аларды алдын алуу боюнча күжүрмөн ыкмалар көрсөтүлдү.

Өткөрүлүп жаткан жыйындын бирден-бир максаты кызматкерлер арасында кызматтык тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту жана кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жаңылатуу, жакшыртуу жана милдеттерин аткаруунун сапатын  жогорулатуу болуп саналат. Усулдук жыйында ишмердүүлүктү жакшыртууга болгон жаңы 2019-жылдын январь айында күчүнө кирген Кодекстер, Мыйзамдар, Жоболор, Буйурмалардын негизинде сабактар өткөрүлүп,  
тийешелүү акыл-насааттар айтылмакчы. Ошондой эле мыйдай усулдук окуу жыйын түштүк аймагы боюнча жакынкы арада болоорун белгилей ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83