www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Картөшкө азабы..

Кызгалдак Жакыпова 27-февраль 2019, 13:42

Саясат


Картөшкө азабы..

Бул тууралуу 23-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда макулдашылды. Ошондой эле телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери да талкууланды. Өкмөт башчылар кыргыз айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөөгө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.

Бул маселени өз ара пайдалуу шарттарда тез арада чечүү жолдору талкууланды. Мындан мурда Кыргызстандын айыл чарба министрлиги аталган маселени чечүү үчүн Казакстанга жана Евразиялык экономикалык комиссияга кат даярдап жаткандыгын билдирген болчу. Бүгүнкү күндө кыргызстандык дыйкандардын 200 миң тоннадай картөшкөсү сатылбай турат. Сатылганы да дүңүнөн 5 сомго араң чыгып, базарларда алыпсатарлар 10-15 сомдон сатышууда. Айыл чарба министрлиги өлкөбүздүн картөшкөгө болгон ички керектөөсү 500-600 миң тонна болсо, өткөн жылы дыйкандар 1,5 млн. тонна түшүм жыйнашкандыгын билдиришкен.

Казакстандын бийлиги мындай чечимди Кыргызстан менен Өзбекстандан келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток – Pseudococcus comstocki (Kuwana), нематод Globodera rostochiensis (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген.

Булак: “Майдан. kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83