www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сураган Босумбаев: “Менде тубаса жана тажрыйбадан жаралган уюштуруучулук жөндөм бар”

Кызгалдак Жакыпова 27-февраль 2019, 13:54

Саясат


Сураган Босумбаев: “Менде тубаса жана тажрыйбадан жаралган уюштуруучулук жөндөм бар”

– Сураган мырза, КТРКнын макамы менен бюджеттен каржылануусу боюнча кайчы пикирлер оголе көп. Бул боюнча ой максатыңыз кандай.

– Ириде корпорациянын макамын так аныктап алышыбыз керек. Биз келечекти ойлосок, тарыхты сыйлоого тийишпиз. КТРКны учурда азыр коомдун атынан кыйкырып жүргөндөр эмес, мамлекетибиз түптөп, азыркы деңгээлине жеткизген. Учурда коомдук макамына толук кандуу жооп бериш үчүн, мамлекеттен каржылоону токтотуш керек деген пикирлер арбын. Арийне, мамлекетибиздин башкаруу рычагынан идеалогиялык бирден бир масс-медияны чыгарып жиберсек болбойт. Себеби, жападан жалгыз ар кыл маалыматтык өнөктүккө туруштук бере ала турган канал КТРК гана болуп эсептелет. Ошон үчүн кайчы пикирлерге чекит коюп, улуттук макамын кайтарып келүү абзел.

– Жетекчи болуп калсаңыз эмгек жамаатка эмне бере аласыз?

– Ченемдик-укуктук актыларга ылайык улуттук макам алган мекеменин кызматкерлеринин маянасы жүз пайызга жогорулоого тийиш. Башкаларга байкалбаган, дагы бир бир орчундуу маселе бар. Аныгында, чыгармачыл инсандар эркин болууга тийиш. Эртеден кечке “айлыгым кыскарып калбасын” деп, имараттын ичине кирип кетип, кечинде чыккан адамда кайдагы чыгармачыл изденүү болмок эле. Тескерисинче журтчулукка аралашып, архив, маданий очоктордо, китепканаларда иш алып баруулары керек. Бул айткандарым, ыкчам маалыматтык журналистер, технолог адистерден башкаларына тийиштүү. Ооба, интернет деген бар дешиңер мүмкүн. Азырынча бизде баардык маалыматтар интернеттештирилип (же санариптешип) бүтө элек экенин унутпоого тийишпиз.

– Эмне себептен талапкерлигиңизди коюуну чечтиңиз, утушка ээ болом деп ойлойсузбу?

– Биринчиден, ЖМК менен мамлекеттик кызматта жетишээрлик жетекчилик тажырыйбам бар. Экинчиден, белгилүүлөргө эле көңүл бөлө берчү мезгил артта калып баратат. Учурда тармак боюнча адистер келиши керек деген пикир калыбына келе баштады. Үчүнчүдөн, башчыларыбыздын акыйкаттуулугуна болгон ишеним бар. Бул ишеним менин эле эмес жалпы журтчулуктун пикири болууда. Ал эми Байкоочу кеңеш сөзсүз түрдө калыстык менен чечет деп ойлойм. Чын-чынына келгенде мыйзам боюнча КТРКны Байкоочу кеңеш башкарыш керек. КТРКнын башкы директору ишти гана уюштуруп бериш керек. КТРКнын саясатын жүргүзүү, анын атынан сүйлөө, билдирүүлөрдү жасоо Байкоочу кенешке таандык. Мындан тышкары, кеңеш менен биргеликте мыйзамды кайра иштеп чыгып, алардын укуктуктарын кеңейтип, ишин жакшыртуу максатында корпорациянын эсебинен эмгек акы (айлык) эмес, сый акы төлөп берүүнү ишке ашыруу керек. Азыркы мыйзам боюнча, алар коомдук башталышта акысыз иш алып барышууда. Конституциябыздан тарта мыйзамыбызда ар бир эмгек бааланып акы төлөнүш керек деп турат. Алардын моралдык жана материалдык чыгымдарын эске алчу учур келди деп ойлойм.

– КТРКнын башына келген адам менеджер болуш керек деп келишет.

– Туура. Жетекчи уюштуруучу болуш керек. Кызыгы, бул жерде чаташ маселе бар. Бизде тармактык билим алгандар барбы? Тактап айтканда массалык маалымат тармагы боюнча атайын менеджерлик адистикти алган? Болсо канчалык деңгээлде тубаса жөндөмү, тажырыйбасы бар деген суроо да бар… Же жөн эле теориялык билим менен чектелгенби? Кеп ушунда. Макул, тармактык эмес, бирок, күчтүү, билимдүү менеджер болсун дейли. Масс-медианын ички табиятын түшүнөбү деген суроо да бар да. Демек, бул биздин буга чейинки жана учурдагы тармактык адистерди даярдоодогу негизги көйгөйүбүз. Бул боюнча программамда токтолгом. Андыктан кырдаалдан чыгуу үчүн, жетекчилик тажырыйбасы болсун деген талап жөндүү болуп турат. Бирок, маалымат каражаттарындагы ишмерлиги сөзсүз эске алынат деп ойлойм. Ал эми менде, тубаса жана иш тажырыйбамдан улам пайда болгон уюштуруучулук жөндөм бар.

Маектешкен: А.Сатындиева

Булак: "Майдан"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83