www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суракматов Бишкекти эмес, жеке бизнесин гүлдөтүп жатабы?

Перизат Кутманалиева 27-февраль 2019, 15:59

Саясат


Суракматов Бишкекти эмес, жеке бизнесин гүлдөтүп жатабы?

Бишкектин  мэри Суракматов катуу иштеп жаткан түр көрсөтүп келтканына көп эле болду. Эл деле анын ар кандай ыкмаларды колдонуп шымаланганына көнүп калгандай. Айтор, анын кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылык бизнестерин да укмуштай гүлдөтө баштаганы тууралуу кептер тар чөйрөдө кеп болууда. Маселен, ал Бакиевдин тушунда Бишкек шаардык кеңешин  жетектеп, кызматтык укуктарын ашыкча пайдалануу менен курулуш тармагы боюнча бирден-бир монополист болуп келгени боюнча көп эле маалыматтар ЖМКларга жазылды.

Бийликтин эркеси болгон Суракматов  аз күн мурун  орун басарларын  алмаштырды.  Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген Татьяна Кузнецова социалдык маселелер боюнча вице-мэр, Транспорт тармагын тескеген вице-мэр Максим Ситников кызматынан бошотулуп, Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Анын ордуна мэриянын жер ресурстары башкармалыгын жетектеген Азизбек Алымкулов келди. Мэрдин дагы бир буйругу менен капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген Уланбек Азыгалиев шаар куруу архитектура маселелери боюнча вице-мэрдин орун басары болду.

Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов Азыгалиевдин ордуна барды. Вице-мэр Рыспек Сарпашов ордунда калды. Ал бул кызматка былтыр август айында дайындалган. Ал эми “түбөлүк вице-мэр” атка конгон Бакыт Дүйшембиев кызматынан ылдыйлап, Бишкек  шаардык суу каналды  жетектеп калды. Негизи Дүйшембиевдин мыйзамсыз иштери көп. Бирок анын ишине укук коргоочулар кызыккан жок.

Булак: "Багыт кг"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83