www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев үчүнчү революцияга кам көрсө, саясый туткундардын тарапташтары колдошобу?

Кызгалдак Жакыпова 28-февраль 2019, 15:09

Саясат


Атамбаев үчүнчү революцияга кам көрсө, саясый туткундардын тарапташтары колдошобу?

 

Эки жактын тирешүүсү чегине жеткенге жакындап калды. Бир жагы «бийликтин күчү менен басам» десе, экинчи жак «элдин күчүн колдоном» дейт. Бул табигый процесс. «17-март же 6-7-апрелде жаңы бийлик энесин үчкоргондон тааныйт» деген кептер тарап жатат.

Албетте, «эл толкуса сел» дейт. А биздин эл азыр толкуйбу – бул чоң маселе. Бир эмес эки революция жасап, бирок элдин пайдасына жакшы натыйжа бербегенден кийин көпчүлүк тажап калган. Ошол эле учурда жаңы бийлик кыжырданууга негиз түзүүдө, маселен, өкмөттүн ишке чоркоктугуна коомчулук нааразы.

Бир эсе Акүйдөгү кайсы бир акылмандар таасир жаратышып, түрмөдө жаткан саясый туткундарды чыгарбай жатышы себеп болууда. Мындай абалда эл оппозицияны колдоп кетсе, аларга саясый туткундагылардын тарапташтары кошулсачы?..

Анткени, буга чейинки бийлик башына келгендердин кландык башкаруусунун кесепетинен эки жолу революция болгон да. Ошол революциялардын башында Алмазбек Атамбаев туруп, эки жолу тең өзү каржылаган. Азыр экс-президенттин акчасы мурдагыдан миң эсе көп. Үчүнчү революция болуп кетпегей эле…

Себеби, революцияны дайыма колунда акчасы барлар жасашат эмеспи.

Баргы Кусейинов

Булак: "Азия ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83