www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Махабат Мавлянова: “Альтернативалык жолду биринчи, экинчи фаза боюнча текшерсе болот”

Кызгалдак Жакыпова 28-февраль 2019, 15:34

Саясат


Махабат Мавлянова: “Альтернативалык жолду биринчи, экинчи фаза боюнча текшерсе болот”

- Комитетте түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу графиктен кечигип жатканы айтылды. Мунун себеби эмнеде?

– Транспорт министринин айтымында, тоннелди казганда жер борпоң чыгып атыптыр. Алдын ала долбоор боюнча жер катуу болушу керек эле. Ошонун натыйжасында долбоор боюнча күнүгө 3 метрден казуу пландаштырылса, азыр факт жүзүндө 70 сантиметрден гана илгерилеп жатат. Ал эми каржылоо жагынан жумушту артка тартчу эч кандай себептер жок.

– Кечээ биз уккан маалымат боюнча, тоннелдин узундугу 3815 метр экен. Азыр болгону 2100 метр гана казылыптыр. Мындай темп менен иш дагы бир топко созулуп, 2023-жылы бүтпөйт го?

– Азыр алдын ала айта албайбыз. Жогоруда айтылгандай, 3 метрдин ордуна 70 гана сантиметр жылып аткан болсо, убакыт төрт эсе көп коройт.

– ЖМКларда жолдун курулушуна чыгым болжолдогудан көп кетип атканы айтылууда. Бул канчалык так маалымат?

-Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, алар бир тыйын да кошумча каражат талап кылышпайт. Бардык жумуштар ошол пландагы эле суммага аткарылат.

– Анда аткарылган ишти текшерүүнүн зарылчылыгы жок экен да?

– Биринчи, экинчи фаза боюнча текшерсе болот. Көп нерселер аябай кымбатка келген. Ошон үчүн биз кошумча маалыматтар берилишин күтүп жатабыз.

Аттокур Жумаев

Булак: "Азия ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83