www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зумураткан Манапбаева,Чыңгыз Анарбек уулунун апасы: «Уулум абакта өлүп калабы деп корктум»

Кызгалдак Жакыпова 28-февраль 2019, 16:44

Турмуш


Зумураткан Манапбаева,Чыңгыз Анарбек уулунун апасы: «Уулум абакта өлүп калабы деп корктум»

2018-жылдын 17-июнунда Москва шаарында таксист болуп иштеген мекендешибиз Чыңгыз Анарбек уулу кырсыкка кабылган.Тактап айтканда, футбол чемпионаты учурунда жол четинде кетип бараткан америкалык футбол күйөрмандарын койдуруп алган эле.Ошол учурда уулу үчүн жардам сураган эненин ыйы азыр да көпчүлүктүн эсинде. Эми ал күндөр артта калып, мекендешибиз боштондукка чыкты.Сегиз айдан бери күйүттөн арылбай, бүгүн кубанычтан ыйлап отурган эне менен маектештик. 

- Эже, уулуңуз эркиндикке чыкканына дале ишенбей атсаңыз керек❓

- Азыр деле бир ишенип, бир ишенбей отурам.Ушу күндү Кудайдан тилеп, күн санап күтпөдүм беле.“Замандаш” партиясынын өкүлү Акбар деген жигит сүйүнчүлөп чалганда уккан кулагыма ишенген жокмун.Уулумду 2018-жылдын октябрь айында Москванын Тверь райондук соту бир жыл алты айга кара жумушка кескен.Ошо күндөн тартып Смоленск облусундагы нан чыгарган заводдо иштеп атты. Ал жактан да жакшы иштеп, тартип бузбай жүргөн үчүн мөөнөтүнөн мурда чыгарышты. Абактан чыкканда бир тууган карындашы, иниси, агасы, “Замандаш” партиясынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов, Акбар болуп тосуп алышты.(Жашып) Бир туугандары менен көрүшкөн видеосу чыкпадыбы, аны көрүп алып атасы экөөбүз бир топ ыйладык.Видео чалуу менен сүйлөшүп не бир токтоно алсамчы.Чыңгыз да сүйлөй албай ыйлап:“Апа, бошондум! Акыйкаттык бар экен.Кыргыз элиме ыракмат!” дегенге эле жарады.

- Уулуңузду көргөнү Москвага сапар аласызбы же ал өзү келеби❓

- Балам беш айга чейин ал жактан чыкканга болбойт экен. Буюрса, келинчеги кыздарды көрсөтүп келгени камынып атат. Мен болсо азыр атасы ооругандыктан анын жанынан чыга албайм.Күн жылыса барып баламды көрүп кучактап, санаамды тындырам го.

- Келинчеги, кыздары бул жакта эле болуштубу❓

-Ооба, Чыңгыз кесилгенден кийин келиним бул жакка келген. Эки кызы менен Аксыда чогуу эле жашап аттык. Кыздарынын улуусу үч, кичүүсү бир жашта. Экөө тең эки жылдан бери атасын көрө элек. Жакында катуу ооруду, куса болду окшойт. Ооруканага да жатып чыкты. Атасын сагынып түнү менен уктабай ыйлап чыгышчу. Атасынын жыты бар эмеспи деп көйнөгүнө ороп, башына топусун кийгизип уктаткан күндөрүбүз болду. Күнүгө тамак ичип бүткөндөн кийин дасторкондун чекесинде отуруп "атам келсин" деп бата кылышат. Аларга “атаңар Москвада иштеп жүрөт” деп койгонбуз. Келинчегинин көз жашы кургабай жүрдү эле, жолдошу эркиндикке чыккандан кийин санаасы тынып, азыр төркүнүнө учурашканы кетти.

- Чыңгыз кырсыктагандан баштап ар бир күнүңүз азап менен өттүбү❓

- (Үшкүрүнүп) Ал күндөрдү азыр эстегенден да корком.Баламдын кырсыкка кабылганын угузушканда жүрөгүм токтоп кала жаздады.Дароо эле улуу балам менен Москвага учуп бардым. Мыйзамга ылайык уулум менен жолуктурушкан жок.Күйүтүмө чыдабай ошо турган жеримен эсимди жоготуп жыгылган учурларым болду.Синдим да кошо барган, улам эс алдырат, кайра жыгылып калам...Бир заматта санаага алдырып койдум.Чынын айтсам, ар кандай ойго алдырдым.Уулум ошо жактан абактан өлүп калчудай корктум.Кыргыз элинен айланайын, мекендештерибиз мени көчөдөн таанып: “Чыңгыздын апасы турбайсызбы, жүрүңүз, үйгө барып чай ичип кетиңиз”,- деп атышты.Колума акча карматып, такси менен үйгө чейин жеткирип өз энесине камкордук көргөндөй жылуу мамиле жасашты.

- Сот отурумунда көргөндө уулуңуз менен эмнелерди сүйлөшкөнгө үлгүрдүңүз❓

-Биринчи сот отурумунда ыйлап сүйлөй албай койдум.Жакын да жолотушкан жок.Сот залынан эле көрүп баламдын алты саны аман экенине шүгүр кылып тим болдум.Мени кайраттандырайын дедиби, же чын эле акталаарына ишендиби, уулум мага карап: “Апа, атайын кылган жокмун.Буюрса, акталам, балаң күчтүү!”,-дегени эсимде.Кийинки сот отурумдарында ыйласам сооротуп, кайра өзү мага кайрат берип атты.

- Кырсыктагандарга материалдык чыгым төлөп бермек эмес беле. Алардан толук кутулдубу❓

- Чыңгыз кырсыктагандан кийин турмушка чыккан карындашы, агасы, иниси үчөөлөп иштеп карыздарды төлөп атышты. Бул жактагы байкесинин унаасын, өзүнүн жер тилкесин сатып акчасын жумшадык.Элден жакшы жардам болду.Жалпысынан 11 киши жабыр тарткан.Ар бирине ар башка суммадагы акча төлөнүп берилди.Менин билгенимен азыр 500 миң рублдай карызы калды болуш керек.Эң негизгиси башы аман, буюрса, иштеп кутулат.Уулум буга чейин “эки кыздуу болдум, иштеп үй салып алайын” деп кеткен эле.Бизге да акча салып каралашчу.Жамандыкты амандык жеңди, эми буюрганы болор.

- Беш айдан кийин мекенине келем дейби же калып ошо жакта иштей береби❓

- Келем деп атат.Маңдайыма келсе эч жакка чыгаргым жок.Өзү спортчу да.2017-жылы панкратион боюнча Дүйнө чемпионатында Сочиден коло медаль тагынып келген.Эми спорт жагына эле кетет окшойт.Ошентип оор күндөр артта калды.Мындан аркы түбөлүгү түз болсун.Чыңгыз азыркыга чейин элиме ыракмат деп терисине батпай сүйүнүп атат.Учурдан пайдаланып балама өз баласындай чуркап кам көргөн “Замандаш” партиясынын жетекчиси Жеңишке, партиянын өкүлү Акбар, Улан аттуу жигиттерге ыраазычылык билдирем.Кыргыз элимдин кайрымдуулугуна, боорукерлигине ыракмат!


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83