www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрмөдө өлгөн аялдын туугандары анын оор жумушта иштегенин айтышууда

Кызгалдак Жакыпова 28-февраль 2019, 18:15

Борбордук Азия жаңылыктары


Түрмөдө өлгөн аялдын туугандары анын оор жумушта иштегенин айтышууда

Өзбекстандын №42 колониясында 62 жаштагы Сайжура Гадаева каза болду. Маркумдун туугандары ал саламаттыгы начар экенине карабай, түрмөдө оор жумуштарда иштегени үчүн көз жумду деп эсептешет.

"Түрмөдө анын оорулуу экенине ишенишкен жок, мазакташты, иштөөгө мажбурлашты. Эми колониянын кызматкерлери соттолуучулардан текшерүү учурунда “эч нерсе көргөн жокпуз” деп айтасыңар деп талап коюп жатыптыр. Түрмөнүн башчысы соттолуучуларды эки саат тик тургузуп, кысым көрсөтүп, опузалат жатат ", – деди өз булак.

Жаза аткаруу башкы башкармалыгы Сайжура Гадаеванын өлгөнүн тастыктады, бирок оорусуна карабай, оор жумуштарга тартылганын четке какты. “Ооруган жумушчулар жумушка чыкпайт. Гадаева ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткан, ошол жерде өлгөн”, – деди колониянын кызматкери.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча соттолуучунун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала бүтүмү боюнча ал жүрөк оорусунан улам каза тапкан.

Булак: "centralasian"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83