www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гулнара Асанбекова: "Мектеп директору неберемди таяк менен сабаптыр, бизде акыйкаттык барбы?.."

Перизат Кутманалиева 04-март 2019, 13:27

Коом


Гулнара Асанбекова: "Мектеп директору неберемди таяк менен сабаптыр, бизде акыйкаттык барбы?.."

NazarNews.kg маалымат агенттигине Чүй облусунун тургуну Гулнара Асанбекова небересин мектептин директору сабагандыгы тууралуу кабарлады.

Мен чыркыраган чындыкты издеп аткан чоң энемин. Менин 5-класстагы неберем Осукеев Алихан Мирбековичди 15-февралда саат 17:00 чамасында Чүй районунда жайгашкан Калыгул айылындагы Тынымсейит Оңолбаев атындагы орто мектебинин директору Исабекова Лиля Назарбековна “тарагыла дебедим беле!", деп неберемден сөзүн укпастан теректин сындырылган жоон таяк менен сабап салган. Сиздерден сураныч ушул ишти чындыгын ачыкка чыгарып берүүңүздү көптөн-көп суранамын. Директордун ушунчалык баланы сабаганга укугу барбы? Директордун кылганы ушул болсо калгандарынан эмнени күтсө болот? Ушул иштин акыйкатына чыгарыш керек, ушул тапта директор сабаганын моюнга албай албай актанып жатат, бизде баардык далилдер бар”, дейт 5-класстын окуучусу Осукеев Алихандын чоң энеси Гулнара Асанбекова.

Аталган мектептин директору Лиля Исабекова, “Бул провокация. Баланын денесине эмне болгонун билбеймин. Аларга баарын түшүндүрүп бергенмин. Менде дагы күбөлөр бар. Азыр тергөө иштер  жүрүп жатат”, - деген пикирин билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83