Перизат Кутманалиева 22-март 2019, 10:37
Ирландиялык мушкер реванш алуу мүмкүнчүлүгүн бергендиктен каршылашын сыйлай турганын айткан.
Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Нейт Диас менен үчүнчү ирет беттеше турганын убадалады. Бул тууралуу Р-Спорт басылмасы жазып чыкты. Бул тууралуу sputnik.kg билдирди.
2016-жылдын март айында UFC беттешинде Диас ирландиялык мушкерди муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошол эле жылдын август айында калыстын чечими менен Макгрегор Диасты утуп кеткен.
"Мелдеште мен Диастан утулуп калгам. Бирок ал мага ошол эле салмактык категорияда реванш алуу мүмкүнчүлүгүн берген. Диас чыныгы мушкер, аны абдан сыйлайм. Мен аны менен үчүнчү ирет беттешке чыгышым керек, бул сөзсүз ишке ашат", — деди Макгрегор.
Эске салсак, Конор Макгрегор акыркы жолу былтыркы жылдын 6-октябрында россиялык Хабиб Нурмагомедов менен кармашкан.Жеңишке жеткен Нурмагомедов таймаштан кийин алгач атаандаш тарап менен кер-мур айтышып, андан соң тосмодон секирип өтүп, мушташа кеткен. Натыйжада NSAC териштирүү иштерин баштаган.
Ирландиялык мушкер да октагондо россиялык каршылашынын команда мүчөлөрү менен мушташып кеткен. Жыйынтыгында Макгрегор алты айга дисквалификацияланып 50 миң доллар айыпга жыгылган. Нурмагомедовго тогуз айга чейин UFC мелдештерине катышууга тыюу салынып 500 миң доллар айып салынган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!