www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди

Перизат Кутманалиева 28-март 2019, 09:13

Расмий кабарлар


Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун  үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83