www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки Өмүрбектин таасири канчалык?

Перизат Кутманалиева 28-март 2019, 09:47

Саясат


Эки Өмүрбектин таасири канчалык?

Ток этер жеринен эле айтканда учурда Өмүрбек Текебаевдин  жылдызы кайрадан жанганы турат. Анткени башкы көзүрдүн капканынын жаагы мурдагыдай катуу эмес болуп калды. Ошондуктан анын туулган күнүнө күтүлбөгөн саясатчылар барышып, тилектери менен кошо аны колдоого даярдыгын бежирешти. Демек, тылы ого бетер бекемделип, бошоп бараткан күүсү кубаттана баштады.  Ошентсе да  мурдагы президенттин күтүүсүз бурулуштары болуп кетүүсүнөн сактануусу керектигин  ал тургай учурдагы ажого да кулак кагыш кылды. Себеби, иши бүттү деген сайын чыйрала берерин билерин кыйытты. Ошондуктан Атамбаевден көздү албай туруу керектигин эскертти.

Ал эми бийлик тараптан оң жышаан болбостугуна көзү жеткен партиялаштары 23-апрелде үлкөн митинг өткөрүүгө бет аларын, ага болбоду дегенде алты миңден кем эмес тарапташтары келерин дүңкүлдөтүп жатышат. Далайдан бери көрүнбөй жаткан Болот Шерди да ордунан козгошуп кыйла дүүлүктүрүштү. Чамасы Жогорку соттун алдындагы өтүүчү митинг чечкиндүү ролду ойнооруна  коомчулукту даярдап жатышкан шекилди. Эмнеси болсо да Өмүрбек Текебаевдин таржымалына башка ак баракты чапташат окшойт. Анткени босогого баш багып калган шайлоого Текебаев сөзсүз керек. Башчысы жок болсо жетим баладай томсоруп каларын лидери камалганда партиялаштары жон териси аркылуу сезишти. Мындай батыл кадамга бийлик тараптан кандай чара көрүлөрү да маанилүү болуп турат. Кандай болгон күндө да азыркы бийлик башчылары интриганы жакшы көргөн, тынчы жок кишини  анчалык жактырбаганы жалпыга маалым эмеспи.

Экинчи Өмүрбек Бабанов тууралуу баяныбызды капталдатпай түз баштасак болчудай. Көптөн бери Москвада баш калкалап жүргөн бул саясатчынын да толгоосу бышып калганы айдан-ачык сезилүүдө. Анын өлкөгө келиши боюнча  ар кандай өңүттөгү кептер теребелге тарап жатканы жөн жерден эместир?  Канчага чейин бир кезде жарым миллиондон ашуун жактоочу тапкан  киши качып жүрмөк эле деген суроонун жообу толук бериле элек. Дале болсо опоң-чычаң ойногондой сыпатталган “табышмактын” жандырмагын жалгыз гана Бабанов  берери деле жалпыга маалым.

Ошентсе да мурдагы жылы  шайлоодо добушту чүйдөн азыркы ажодон кыйла ашык топтогон талапкердин  бүгүнкү күндө деле колдоочулары соолуп кетпегендир деген ой бүркүлөт. Андай болсо улам келем деп койуп жоголгон Өмүрбектин өзүндө мандем барбы?  Өзүнүн ак экенинен күмөн санабаса, тарапташтарына  толук ишенсе ага тоскоолдук жаралбайт. Балким коррупциялык  былыктарынан бүшүркөп жатпасын. Анткени өкмөттүн укуругу узун экенин  акылы тайкылар эле билбей калат эмеспи. Демек, эртеңки күндүн артында кандай  кубаныч же коркунуч жатканын көзү ачыктар деле айталбайт. Кээде маселени акча эмес, эч нерседен тайманбаган жүрөк чечип саларын деле танууга болбойт.

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83