www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшан кыймылдап калыптыр

Перизат Кутманалиева 28-март 2019, 10:22

Саясат


Равшан кыймылдап калыптыр

Кепти Жээнбеков эмес Сабиров тарапка буралы деп турабыз. Болгону булардын аты окшош. Ал эми Равшан Сабиров болсо экинчи төңкөрүштөн кийин “Ата Мекенге” эрмешип парламенттен мандат алган болчу. Бирок, көпкө отурбай аны социалдык өнүктүрүү министрлигине жетекчи кылып жиберишкен. Анткени ал кезде кадимки Текебаевдин булчуңу чыңалып турган кайсы маселе болсо да тиши өтүп. Тилекке каршы анын жардамчысы пара менен кармалып, башчысын кошо караңгы жерге сүйрөп кеткен. Эптеп жолун таап Равшан капкандан эсенчиликте кутулган.

Өткөндө Тиматинин бургери таратылганда ушул мырза да алдыңкы катардан орун алып спикерликтен жылмышкан Келдибековдун жанында жүрдү. Чамасы кайрадан саясатка аралашайын деген кыялдары бар окшойт. Кайсыл ефрейтор генерал болууну каалабасын деген сыңарындай кеп агытып койдук. А эмне экен, анын капчыгы бош эмес, мандат алууга жетет. Анын үстүнө тажиктердин диаспорасынын чоңу катары белгилүү. Кыргызчаны болсо суудай билет, керек болсо түшүңдү айтсаң туптуура жооруп берүүгө жарайт. Андан акылы төмөндөр деле учурда ак үйдү байырлап алышпадыбы, же калппы? Шынаарлап калганына караганда тигил кишиге биригет го деген божомол дал чыгаарына күмөнүбүз жок.

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83