www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Эл аралык көргөзмөдөгү Кыргызстандын жарманке павильонуна барды

Айдар Нуралиев 29-апрель 2019, 08:17

Саясат Борбордук Азия жаңылыктары


 Президент Эл аралык көргөзмөдөгү Кыргызстандын жарманке павильонуна барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Кытай Эл Республикасына жумушчу визитинин алкагында Эл аралык көргөзмө борборундагы Кыргызстандын жарманке павильонуна барды.

Мамлекет башчысы павильонду көрүп чыгып, анын экспонаттары менен таанышты. Ал белгилегендей, Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары көргөзмөнүн аянтчасын максималдуу колдонуусу жана кыргызстандык экологиялык таза айыл чарба продукцияларын жана өнөр жайын ири рынокко көрсөтүүсү керек.

“Экспо-2019” көргөзмөсүнө 16 млн адам келери күтүлүүдө. Президент Кыргызстандын продукцияларына эл аралык рыноктун өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу үчүн бул мүмкүнчүлүктү максималдуу колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Маалымат:

Эл аралык көргөзмө борбору Пекинге жакын шаарчада Яньчин районунда жайгашкан.

Кыргыз павильону 1050 чарчы метр аянтты ээлейт, анын көпчүлүк бөлүгүн бак түзөт, ошондой эле металл конструкциясында курулган жабык жайда жайгашкан.

Улуттук павильондун жасалгалоодо кыргыз элинин маданий жана каада-салт мурастары, улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган архитектуралык-дизайнердик чечим колдонулган. Үстү жагы кыргыз боз үйүнүн формасында эки имараттан турат. Анда Кыргызстандын бурчу жана экспонаттары, Кыргызстан тууралуу видео-ролик көрсөткөн мультимедиялык панель, экономикалык, инвестициялык, туристтик дараметинин бетачары, ошондой эле экспортко багытталган ата-мекендик продукциялардын жарнамасы көрсөтүлүүдө. Ошондой эле келген меймандар Кыргызстанда өндүрүлгөн тамак-аш продукцияларынан ооз тийип, кыргыз ашканасынан даам сызат.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83