www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жаранын кармашты

Айдар Нуралиев 30-апрель 2019, 16:26

Кылмыш жана кырсык


ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери  эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жаранын кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында оор кылмыш иши үчүн коңшу республиканын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган жаран жашырынып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган.

2019-жылдын март айынын аягында Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө каракчылык жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Тажикистан Республикасынын жараны, Согдий облусунун тургуну 1992-жылы туулган Г.У. аттуу кармалган. Издөө иши 2019-жылдын февраль айында козголгон. Кармалган жаран камакка алынды.

Эскертебиз, 2018-жылдын ноябрында Кыргызстан менен Тажикистандын ички иштер министрликтеринин башчылары эки өлкөнүн укук коргоо түзүмдөрүнүн кызматташуусу, кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү иштерди жасоо тууралуу маанилүү маселелерди талкуулашкан.



 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83