Айдар Нуралиев 09-май 2019, 15:14
Бүгүн Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында бир нече киши кармалганын көргөндөр интернет желелерине жазып чыгышты.
Нур-Султандык активист Аман Мурат уулу менен укук коргоочу Ерлан Калиевди да үйүнөн кармап кетишкен.
Бүгүнкү кармоолорго «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы дал ушул күнү «Өлбөс полк» менен катар митинг өткөргөнү жатканын кабарлаганы да себеп болууда. Бийликтин маалыматында , тынчтык митингге чыгууну каалагандардын колунда уруксат кагазы болуу керек.
Нааразычылык акциясына чыгууга ниеттенгендер алдыдагы президенттик шайлоого да тийешеси бар.
Белгилей кетсек, учурда Казакстанда Азаттыктын казак кызматы менен катар бир канча сайттары ачылбай жатканы айтылууда.
Булак:NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!