www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батукаевдин артында Шамиль Атаханов, Турсунбек Акун, Зарылбек Рысалиев сыяктуу лөктөр бар

Кызгалдак Жакыпова 09-май 2019, 17:35

Коом


Батукаевдин артында Шамиль Атаханов, Турсунбек Акун, Зарылбек Рысалиев сыяктуу лөктөр бар

Алты жыл мурда камактан айыккыс оорусу бар деп учак менен Грозныйга учуп кеткен Азиз Батукаевди бошоткон тийиштүү тармактын кызматкерлеринин жүрөгү азыр катуулап сого баштады. Анткени кайрадан кылмыш иши козголуп, ал тургай кээ бир доктурлар караңгы жерге киргизилип, тергөөчүлөргө тердеп-бурдап сурак берип жатышкан кези. Бул эми жөн жерден чыкпаса керек? Чамасы бирөөлөргө Батукаевдин иши козголушу керек болуп жаткандай шекилди. Ошондо милтенин башында кайсы үлкөн билерман турарына акылы бираз толуктар кызыгып турганы калп эмес.

Калыстык иретинде айтсак, бул жоруктун артында кыйла деген куу чирендер турат. Шамиль Атаханов, Турсунбек Акун, Зарылбек Рысалиев сыяктуу лөктөр бар. Анткени менен Азизди чыгарууда өтө кубаттуу кишилер турганы боюнча да каңшаарлар обого тараган. Демек, эбак өтүп кеткен бул иштин копшолушунда мандемдүү нерсе жатканын божомолдоого болот. А бирок, Батукаевдин бир тал көкүлүн да биздин күч түзүмдөрү түшүрө албасын айта кетели. Себеби, анын артында опол тоодой кишилер бар.

Булак: "Ачык сөз"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83