Айдар Нуралиев 10-май 2019, 11:10
Япониянын тышкы иштер министри Таро Коно Түндүк Кореядагы олуттуу тамак - аш кыйынчылыгынын ашылышы үчүн бул өлкөгө гуманитардык жардамдын берилишине каршы чыкты.
Киодо агенттигинин кабарына караганда Коно парламенттин тышкы карым - катнаштар жана коргоо комиссиясында сүйлөгөн сөзүндө : «Фонддордун элдин бейкуттугу үчүн колдонуунун ордуна атомдук куралдардын жана ракеталардын өнүктүрүлүшүнө жумшаган бир өлкөгө тыштан жардам берүү убактысыз»,- деп баа берди.
Коно Түндүк Кореянын курал чыгарууга алдыңкылык берүүнү коюп элдин бейкуттугун түзүшү керектиги чындыгын кабыл алууга мажбур экендигин сөздөрүнө кошту.
Борбору Италиянын борбор шаары Римдеги БУУнун Дүйнөлүк тамак - аш программасы Түндүк Кореядан тамак - аш булактарынын жана дыйканчылыктагы түшүмдүн азайышы менен өлкөдө 10 миллиондон ашуун кишинин» олуттуу тамак - аш кыйынчылыгы» ичинде экендигин жарыялаган.
Пхеньян башкаруусу өткөн жумада кыска аралыктуу ракеталык сыноолорду өткөрүп, сыноолордун «күнүмдүк жана коргонуу максатында бир машыгуу экендигин» жактаган.
Түштүк Кореянын башкы төрагалыгы Түндүк Кореянын бүгүн дагы Түндүк Пхёнган аймагынан чыгыш багытына ракета аткандыгын билдирген. Маалыматта ракеталардын курамынын аныктала албагандыгы белгиленген.
Булак: "trt.net.tr"
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!