Айдар Нуралиев 13-май 2019, 16:52
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.
Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар (мындан ары — ЭЭЗ) жөнүндө Мыйзамды жакшыртуу жана анын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасындагы ЭЭЗ салык режими боюнча салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр менен шайкеш келтирүү.
Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Булак:NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!