Айдар Нуралиев 14-май 2019, 09:49
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гынг Шуанг Пекинде жыйын өткөрүп, анда Кытай эч качан тышкы кысымдарга баш ийип отуруп калбасын айтты.
Мындай билдирүүнүн себеби, АКШнын Кытайдан кирген 200 долларлык товарлардын бажы тарифин 25% га көтөрүп салганы болду. Гынг Шуангдын пикиринде, бажы төлөмүн көбөйтүү менен эч качан маселе чечилбейт.
Өлкө өз кызыкчылыктарын мыйзамдуу коргоодо чечкиндүүлүк көрсөтүп, АКШ тарап менен жолукканда Кытай аталган маселени эки тараптуу урмат-сый, түшүнүүчүлүк менен чечүүгө аракеттенгенин айткан.
Трамп Кытайдан кирген товарларга ачык бут тосуп, эки өлкөнүн “соода согушу” башталаганына бир жыл болгон. Бирок, Кытай миң ирет амалданганы менен Трамп чычкан аңдыган мышыктай эле козголчу түрү жок. Бирок, Кытай да өз оюнун, өз шартынан кайтпай кармашууда.
Эске салсак, «соода согушу» сүйлөшүүлөрүнүн акыркы жыйналышына катышуу үчүн өткөн апта бейшемби күнү АКШга барган Кытайдын вице-президенти Лю Хи, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай кайткан.
Булак:NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!