www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Айдар Нуралиев 14-май 2019, 13:36

Расмий кабарлар


«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 123-беренесинин 15-бөлүгүндө камтылган ченемди жүзөгө ашыруу.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамы жаңы 392-берене менен толукталды, анда камакка алынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөө, аларды конвертациялоо, алмаштыруу боюнча аракеттерди же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартиби аныкталды.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, баалуу кагаздарды камакка алууда аларды конвертациялоо, алмаштыруу, жоюу жана алар менен башка аракеттер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат. Эгерде баалуу кагаздар камакка алынганда, шектүү, айыпталуучу баалуу кагаздардын менчик ээси болгон учурда, менчик ээсине кирешелерди төлөө камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83