www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалды

Айдар Нуралиев 15-май 2019, 13:47

Саясат Коом


ИИМ:  А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктандын бирдиктүү реестрине катталган А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары  эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А. Батукаевге “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагносун коюп,  диагносту тактоодо фактыларды жасалмалаган.

2013-жылдын 23-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А. Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагносун жокко чыгарып,  диагносту тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э., жана Ц.И. аттуумурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары жарыяланышкан. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы танталган.

А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын медициналык жумушчусу Ф.А. аттуулар кармалышып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Б.К. жана А.А. аттууга карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттууга карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды.

Андан сырткары, А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалды. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүүлөр коррупцияга катыштыгына, документтерди жасалмалоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелишүүдө. Кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83