www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Матраимов коррупционер болсо аны Атамбаев эмне үчүн учурунда камаган эмес?

Кызгалдак Жакыпова 17-май 2019, 09:37

Саясат


Матраимов коррупционер болсо аны Атамбаев эмне үчүн учурунда камаган эмес?

Раим Матраимов боюнча ММКларда, социалдык тармактарда талаш-тартыштар арбын айтылууда. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев «Фейсбук» баракчасы аркылуу жакшы пикирин билдириптир, Ал расмий тилде жазылгандыктан биз мазмунун гана бергенге аракеттендик. Анда «Атамбаев Раим Матраимовдун коррупционер экенин кеч билип, Сапар Исаковго кетирттим деп жатат.

Сооронбай Жээнбековго күйүп-бышкан кишидей болуп. Бирок, 2010-жылдагы А.Атамбаев менен А.Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүсүндө Атамбаев Матраимовду колдогон. Ош бажысынан аны кетире алышкан эмес. Кызыгы, Сапар Исаков коррупция үчүн эмес, Матраимовду ишенимди актабаганы үчүн кетирген. Атамбаев азыр Матраимовду коррупционер катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө, бирок бир да фактыны көрсөткөн жок.

Эгер ал жегич болсо эмне үчүн 2017-жылга чейин Текебаев, Чотонов, Жапаров ж.б. ондогон адамдар өңдүү каматкан жок. Учурда коомчулук Раим Матраимовдун мүлкүн текшеришин талап кылууда, ал эми финпол жарым жылдан бери созууда. Матраимовдун иши боюнча Атамбаев командасы менен басым көрсөтүп жатат, Президент Жээнбеков үн катпай отурат» деген ойлор камтылган. Айтканында негиз бардай...

Булак: "De-facto"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83