www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирригация боюнча программанын алкагында 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди, 3,5 миң гектар жердин суу чыгарылышы жакшыртылды

Нурайым Рысмамбетова 18-май 2019, 13:44

Коом


Ирригация боюнча программанын алкагында 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди, 3,5 миң гектар жердин суу чыгарылышы жакшыртылды

“Бизде суу бар, бирок, ошол эле мезгилде, сугат сууну жеткизе албай жатабыз. Кээ бир региондордо 100 миң - 50 миң гектар жерлерди иштеткенге мүнкүнчүлүгүбүз бар, ушуларды биз өздөштүрүшүбүз керек. Ирригация боюнча программа кабыл алынып, былтыр 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди, 3,5 миң гектар жердин суу чыгарылышы жакшыртылды, каналдар ремонт болуп, суу менен камсыз кылууга шарт түзүлдү”, -  деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 17-майда Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ирригация программасына ылайык, 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт, 240 миңден ашуун жумушчу орун түзүлөт деп пландаштырылган.

«Бул аткарылышы оор, амбициялуу программа, бирок бардык тийиштүү мамлекеттик органдар ишке ашырууга милдеттендирилген», - деп белгиледи Мамлекет башчысы. 

“2023-жылга чейинки программаны ишке ашырабыз, анын алкагында жалпы суммасы 256 млн. доллар болгон, башкача айтканда 18 млрд. сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83