www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызды кыргыз оңой албайт окшойт

Кызгалдак Жакыпова 18-май 2019, 15:22

Саясат


Кыргызды кыргыз оңой албайт окшойт

Коррупцияга каршы күрөш бир аз-бир аз жүрсүн десек, ар бир областтык милициянын начальник кызматына ошол областтын кулунун жөнөтпөш керек. Коррупцияга каршы күрөш бир аз дурусураак жүрсүн десек, ар бир областка ошол аймактын кулунун прокурор кылбаш керек. Коррупцияга каршы күрөш өтө жакшы натыйжа берсин десек, ар бир областка ошол аймактын кулундарынан сотторду жөнөтпөш керек. Кыргызстанда коррупция жоголуп баштасын десек Кыргызстандын 6 областында (7 эмес) кыдырып иштеп келген таза судьяны алгач Бишкек шаардык, андан таза өтсө Жогорку Сотко судья кылыш керек.

Бул эми "куйүттүү аялдын" айла кеткенде кошуп жаткан кошогу да. Болбосо күч органдарынын жетекчилерин өзү туулуп-өскөн аймактарына жетекчи кызматтарга дайындоо ыкмасы мыйзам менен бекемделип калса, коррупциянын тамыры мынчалык чырмалышлайт эле деген кеп.

Кечээ жакында Баткенге прокурор кылып Абдибакыт Халмурзаевди отургузушту. Ал болсо быйылкы жылдын апрелиндега Ак-Сай, Көк-Таш чек ара чатагынын айынан иштен алынган өкмөттүн Баткендеги өкүлү, мамлекеттик резервдеги буудайлардын чатагына аралашып, куйругу бир аз шакмар болуп калган Абиш Халмурзаевдин бир тууганы экен. Эмне, Баткенге агасынын шакмарларын тазалаганга жибериштиби? А.Шадиев кайсы кечүүдөн өтүп АКШга качып кеткенин тактоого, өткөрүп жиберген чек арачыны таап, жазаласын деп жиберилдиби? Тажикстанга өтүп жаткан контрабандалык ГСМди, ал жактан өтүп жаткан афган апийимдеринин каналын кан буугандай токтоксун деп жиберилдиби же үлүшкө отуруп, тийиштүү кишилер менен бөлүшөм деп бардыбы?

Жаңы прокурор буга чейин каерде иштеген экен деп издеп көрсөк, 2017-жылдын август айында борбор шаарыбыз Бишкектин прокурору болуп дайындалыптыр. Бишкекке прокурор болгон кадр андан кийин Баш прокурордук кызматка өсүп жетсе болот, ал жер жакшы трамплин болуш керек эле, бирок абал башкача болуп чыга келет. Бир жыл өтүп, 2018-жылдын августунда ээлеген кызматына толук дал келбейт (неполное служебное соответствие) деп жарыялашып, эки айдан кийин октябрда кызматтан алыныптыр. Ошондон бери ишсиз жүрүп, анан минтип кайра Баткен областына прокурор болду.

Кызыгуу андан ары уланды. 2012-жылдын башында ал Ысык-Көл облпрокурору кызматынан депутаттардын кысымы астында кетүүгө мажбур болгону ошол убактагы "Дело №" гезитинин тиркемесинен табылды. Көрсө ошоңдон бир аз мурда Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Ахматбек Келдибеков Каракол шаарына жакын жердеги "Каприз" эс алуу борборуна эл уктап калган убакта кара түстөгү "Мерседес" менен МАИнин коштоосунда жубайы, жан сакчылары менен келет. Төраганы область прокурору Абдибакыт Халмурзаев баш болгон областтын ишенимдүү күч органдарынын жетекчилери коштоп жүрүптүр.

"Каприздеги" эс алуунун ызы-чуусу ушунда - көрсө спикер А.Келдибеков Камчы Көлбаев деген "атактуу инсан" менен "расса" чайлашкан экен, прокурорлор болсо алардын колдоруна суу куюп, эшик агалык кызматты аркалашыптыр. А.Келдибековдун оң жагында айтылуу Улан Чолпонбаев, сол колтугунда прокурор А. Халмурзаев тамылжып түшүшкөн ошондогу сүрөт гезит, интернет беттерин гүлгө ороп жиберишпеди беле.

Ошентип эки жыл чөптөн пас, суудан тынч абалда детектив окуп жаткан прокурор 2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук прокурору болуп дурус иштеп, анан Бишкектин прокуроруна көтөрүлүп, ал жерден өсүштүн ордуна жыдып жатпайбы. Албетте, күч органдарынын кызматкерлеринин, айрыкча жетекчилеринин резюмелеринде жыдыган жылдары жазылбай, "кадрлардын карамагына жиберилди" деп коюшат. Резюмеде мындайлар жазылбаганы менен элдин резюмесинде жазылып, ал өмүр бою эскерилип жүрөт эмеспи.

Батукаевди бошоткон Нарын шаардык сотунун судьясы да кийин ишинен көтөрүлгөнү элдин нааразылыгын жаратып, али эсинде. Балким жакында ал судья да "кадрлардын карамагына жиберилер". Ишинен бир жолу жыдыган күч органдарынын жетекчилерин экинчи бул чөйрөгө жолотпой коюу эрежеси киргизилсе жакшы болмок. Ошондо алар бир аз сестенип иштеп, коррупциялык чырмалышуулар анча татаалданбай, жашообуз оңолуу жагына эртерээк оойт беле деген кеп да?

Эсиңердеби, кайсы бир тили чулдур, дили булдур саясатчыларыбыздын бири "Кыргызстан Россиянын составына эле кошулуп кеткенибиз оң" деп чыкпады беле. Эмнеден улам ушинткени эсте жок. Же экономиканы көтөрө албасак, же саясий системаны бир нукка салалбасак, же мамлекеттик структураларды эл кызматы үчүн жандилден иштете албасак - ал адам да ушуларга күйүп-бышканынан айтса керек да. Баткенге баткендик жыдыган кадрды прокурор кылып жөнөтүшкөндөн кийин мен да алиги саясатчынын жолун жолдоп, кыргызды кыргыз оңой албайт окшойт деп шектенүүм күчөп баштады.

Айла жок анекдот айтышка ылаажы келип туру. СССР ыдыраганда жаңы президенттер атактуу көзү ачыкка барышып, "менин өлкөм качан, канткенде оңолот" деп сурап чыгып жатат имиш. Ельцин бийлеп чыгыптыр. Артынан Шушкевич да жайдары чыгат. Каримов да, Назарбаев да "Кудай буйруса 15-20 жылда оңолот экенбиз" деп кудуңдап алышкан. Акаев кирип барса, көзү ачык киши бышылдап ыйлап жатат дейт. Таң кала түшкөн Акаев "кечиресиз, эмне болду?" десе, "кара туман каптап эле эч нерсе көрүнбөй жатат. Качан оңолооруңарды айталбайм" дейт имиш. "Мен даарат алып, адырашман ысырыктап кайра кирейинчи" деп лепилдеген боюнча сыртка чуркап чыгып, ушул убакка чейин жок дейт.

Саруул ШААБОТОЕВ

Булак: "Ачык саясат"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83