www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТОРЕПОРТАЖ — Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны

Нурайым Рысмамбетова 30-май 2019, 08:47

Саясат


ФОТОРЕПОРТАЖ — Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 28-29-майында эки күндүк иш сапары менен Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында болду.

28-майда Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулашты.

Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгына карата жана ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековду «Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти — Элбашы Нурсултан Назарбаев» Ордени менен сыйлады.

29-майда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) чакан жана кеңири курамындагы мааракелик жыйынына катышты.

Жыйындын жыйынтыгында эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү бир катар документтерге кол коюлду.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83