www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батукаев кааласа кыргыздарды өлтүрүп же кулактарын кесип койчу - 1

Кызгалдак Жакыпова 31-май 2019, 18:47

Аналитика


Батукаев кааласа кыргыздарды өлтүрүп же кулактарын кесип койчу - 1

Кийинки муун Батукаевдин ким экенин билбей калышы мүмкүн. Акаевдин заманында Токмоктун кулуну  “вор” наамын алган Азиз Батукаев кыргыз жеринде төрөлүп өссө да, бир боор чечен “мафиясын” чакырып келип, кыргыз ишкерлерин басмырлап, ар бирине салык салып, Кыргызстанды чечен мафиясынын колуна салып бергиси келген. Ага каршы кыргыз жигити “Вор” намына жете элек болсо да кылмыш дүйнөсүндү “авторитети” чоң Рыспек Акматбаев чыккан. Ал Кыргызстан кыргыздардыкы экенин сезип, чечендерден тазалоо үчүн катуу киришкен. Бул таймашта Рыспек көп жакындарынан айрылган. Арийне, Кыргызстандан чечен “мафиясын” сүрүп чыкканы чын. Мындай карама-каршылык кийин да уланып, Рыспекке болгон өчөштүк анын бир тууганы ЖК депутаты Тынчтык Акматбаевдин Батукаев тарабынан өлүмү менен аяктайт.

2015 –жылы күзүндө Рыспек Акматбаев чоң күч менен Ак үйдөн акыйкат издеп, Батукаевдин жандосу премьер-министр Феликс Куловдун кызматынан кетиши тууралуу маселе менен бийликти ороп калат. Бул чечен “вору” Батукаевге жасалган чоң сокку болгон.

(Уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNews.kg”

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83