www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кожобек Рыспаев: “Журналисттерче жокпузбу? Биз “чимкирик” эмес, саясый элитабыз”

Айдар Нуралиев 12-июнь 2019, 11:29

Саясат


Кожобек Рыспаев: “Журналисттерче жокпузбу? Биз “чимкирик” эмес, саясый элитабыз”

Жогорку Кеңештин депутаттары спикер Дастан Жумабековго  экс-президенттин "чимкирик" дегенине жооп бербейсиң деп жаалашты. Бүгүн парламенттик отурумда депутат Кожобек Рыспаев бул боюнча нааразычылыгын билдирип чыкты.

“Бизди ушуну менен экинчи жолу “чимкирик” деди. Коомчулук муну талкуулап, шылдыңдап жатышат. Журналисттерче жокпузбу? Журналистке “кебетең жакпайт” дегени үчүн Туйгунаалы Абдраимовду иштен алдырышты. Аны журналисттер аз жерден талап-жеп коё жаздашты. Алмазбек Атамбаевдин депутаттарды 2-жолу “чимкирик” деп аташы. Бул жакта "чимкирик" менен "какырыктар" жок. Биз саясый элитабыз. Абайлап сүйлөө керек”, - деп арданды  Кожобеков.

Эске салсак, 8-июнда өткөн митингде Атамбаев депутаттарды “чимкириктер” деп атаган. Коомчулук да бул сөздү ылакап катары колдонуп, “парламенттик депутат” дегендин ордуна “парламенттеги чимкириктер” деп атап алышууда.

Бирок, журналисттерге атаандашарда, иш жагынан арданышса кандай болмок эле? “Эл үчүн” деген эл өкүлдөрүбүз көп болсо, анда эл Атамбаевге өздөрү эле жообун берип, Рыспаевди убара кылып ызалантпай парламентти коргоп албайт беле...

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83