Айдар Нуралиев 13-июнь 2019, 20:15
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.
Мамлекеттер башчылары кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү, анын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге I даражадагы «Манас» орденин тапшырды.
Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн расмий билдирүү жасашты.
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!