www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

50 млн калкы бар уйгурлар Кытайда бир автонмиялуу район, 3 млн калкы бар кыргыздар мамлекет

Перизат Кутманалиева 14-июнь 2019, 14:56

Аналитика


50 млн калкы бар уйгурлар Кытайда бир автонмиялуу район, 3 млн калкы бар кыргыздар мамлекет

Байыркы замандарда кыргыз эли айыл-апа, тууган-туушкан болуп жашашкан. Бул адат азыр да элет жеринде сакталуу. Бирок шаарларда, райондун борборлорунда жана мурун башка улуттун өкүлдөрү жашап көчүп кеткен жерлерде кыргыз эли аралашып эле жашап калышты. Ошондуктан, кошунанын баркы көтөрүлүп калды. Айта турган оюбуз биздин кошуна мамлекеттер тууралуу.

Кытай

 Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен жолукту Кытайлыктар биздин эконрмикабызга 7 млрд доллар жардам көрсөтмөй болду. Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан Кытай менен толугу менен айыл чарба, анын ичинде ветеринария жана фитосанитария тармагында эки тараптуу кызматташтыкты колдойт. Кытай делегациясынын сапары кызматташтыкты биргеликте өнүктүрүүдөгү кызыкчылыктарды тастыктайт. Кытай биздин өлкөнүн бирден -бир негизги соода өнөктөшү экендигине карабастан, акыркы жылдары кыргыз товарларын Кытайга экспорттоо дээрлик өскөн жок. Мындан улам Кыргызстанда айыл чарба продукцияларынын колдонулбаган ири потенциалы бар. Сооронбай Жээнбеков Кытай менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, мал чарбасын өнүктүрүү жана экспортту өстүрүү менен байланышкан биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүнүн сунуштады. Аталган милдеттерди ишке ашыруунун тездетүү үчүн Кыргызстандан Кытайга эт, сүт балык жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоо жөнүндөгү протоколго кол коюну тездетүү, ошондой эле биздин өлкөнүн аймагында агроөнөр жай технопарктарын жана айыл чарба өндүрүш парктарын түзүүгө киришүү маанилүү.Сооронбай Жээнбеков айыл чарба продукцияларына фитосанитардык уруксат берүү маселесин тез арада чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул өз кезегинде Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын сатууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.

Бул үчүн Кытай тарап Кыргызстанда товарлардын сапатын текшерүү жана сертификат берүү боюнча лабороторияны куруу процессин тездетүүсү зарыл. Аталган чаралардын кабыл алынышы менен экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө сезилээрлик мүмкүнчүлүк берет. Мындан улам Жээнбеков Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары Жибек жолунун экономикалык алкагы – Кытай стратегиялык соода долбоорун түзүү идеясын колдой тургандыгын өзүнчө белгиледи. Жибек жолу экономикалык алкагы жана Евразиялык экономикалык биримдиги өз ара бири-бири менен атаандаш эмес, өз ара альтернатива болуп саналбайт, тескерисинче толугу менен бири-бирине дал келет жана толуктап турат.

Казакстан

Казак элинин мурунку лидери Нурсултан Назарбаевдин бир жакшы сөздөрү бар. «Дүйнөдө эки жакшы көргөн эл болсо бири кыргыз» -деп жазыптыр эки элдин аксакалы Нураке. Дагы бир болгон окуяны айтайын Нурсултан Назарбаев бир сыйлуу жерге мейманга барып калат. Элдин бары тура калышып: «Келиңиз, төргө өтүңүз» -дешет, ошондо Назарбаев күлүп; «Отура бергиле, мен кайсы жерге отурсам төр» -деп тамашалаган экен. Назарбаевдин кыргызды сыйлап жүргөнү жакшы кеп. Жакында бир казак кызы соцтармактан чыгып алып, ага бирөө тийишип жаткансып: «Фу,кыргыздар» деп, өз тарыхын мактап кыргыз элин жамандап кириптир. Соцтармакта ага жаман айтпаган  киши калбады, «Жеткени жети чапты, жетпегени эки чаап калды». Ал эмес казак «баурдастар» ал үчүн кечирим сурап да жиберишти. Бир кыздын айтканына улуттун достугу бузулуп кетмек беле. Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы отуз мамлекеттин катарына чыгуу үчүн көп жылдан бери аракет кылып жатат. Белгилүү саясий ишмер Үсөн Сыдыковдун айтуусунда биздин президентке талапкер Өмүрбек «Чиркешович» Бабанов президент болсо өнүккөн он мамлекеттин катарына кошуп койорун айтты. Тилеги жакшы, бирок айткан калпы да абдан салмактуу болуп калды. Кыргызстан өнүгүп жатат. Бүгүнкү күнү жаңы президент Токаев Назарбаев түзүп кеткен жол менен кетмекчи.

Өзбекстан

Шавкат Мирзяевдин президент болушу менен «муздап жаткан айсберг» ээрип, өзбек-кыргыз мамилеси оңоло баштады.  Эки өлкөнү тең кызыктырган чоң долбоор бар. Бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Эгер бул жол курулуп калса Кыргызстандын экономикасы кандай көтөрүлөт? Биринчиден, Батыш-Чыгыш темир жолу байыркы Жибек жолунун нугу менен өтүп, Европа менен Кытайдын ортосундагы аралыкты кыскартып Кыргызстандын аймагы менен өтүп биздин экономикага жылына 2 миллиард доллар киреше түшүрүп турат. Экинчиден, Кытайдын темир жолу менен Европалык темир жолдун стандарты эки башка.Ошондуктан бири-бирине жүк  ташылганда жүк түшүрүлө турган станциялар курулуп, жумушчу күчтөрүнө орун ачылып, жумушсуздардын саны азаймак.

Тажикстан

Сооронбай Жээнбеков Тажикистан Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушуусу болду. Кыргызстан Тажикстан менен жылуу коңшулук, достук, кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берет. Бул тууралуу  Сооронбай Жээнбеков  Эмомали Рахмон менен болгон жолугушууда билдирди. Өкмөт башчысы CASA-1000 субрегионалдык долбоорунун курулушуна расмий старт берилгенден тартып, бир жылдан көбүрөөк болгонун эске салды. Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун тезирээк ишке киргизилиши Кыргызстан менен Тажикстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу фактор болорун жана эки өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун өстүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди. Бул өз кезегинде интергацияга жана рынокту кеңейтүүгө, сооданы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарынын пайда болуусуна, аймактык суу ресурстарын пайдаланууга алып келет. Эмомали Рахмон өз кезегинде Сооронбай Жээнбековго CASA-1000 долбоорунун катышуучу өлкөлөрүнүн саммитине жеке катышуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана эки тараптуу мамилелердин тереңдетүүнүн жана өлкөлөр ортосундагы өз ара колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эмомали Рахмон Тажикстан ар бир тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара, делимитация маселелерин тез арада чечүүгө бекем ниети бар экендигин баса белгиледи. Тажикстандын Президенти баса белгилегендей, аталган процесстин ийгиликтүү жыйынтыкталышы чек ара аймактарындагы ишенимдүү жагдайды, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту түзүүгө жардам берет.

Ооганстан

 Сооронбай Жээнбеков Ооганстан президенти Гани менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Ашраф Ганиге Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга паспорт берүү көйгөйүн чечүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Афганистандын бийлигине оогандык кыргыздарга гуманитардык жардам жүгүн жеткирүүдөгү жардамы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кыргыз тарап CASA-1000 энергетикалык долбоорун ишке ашырууга ар тараптуу кызыктар экендигин ырастады. Аталган долбоорду ишке ашыруу аркылуу Афганистан аймактык энергосистемага кошуларына ишенимин билдирди. Афганистандын Президенти Ашраф Гани CASA-1000 долбоорунун катышуучу өлкөлөр менен энергетика тармагында жана санариптик технологиялар чөйрөсүндө анын ичинде “Таза Коом” долбоорунун алкагында кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83