Кызгалдак Жакыпова 15-июнь 2019, 17:22
Кыргызстанда 120 депутат болсо, алардын катарында ЖК депутаты Ирина Карамушкина дагы бар. Тилекке каршы аталган депутат бир эмес бир нече жолу кыргыздарды келекелеп келет. Бул депутатка кыргыздардын ички саясатынын кызыкчылыгы жок болсо, кыргыздардын кызыкчылыгы жок болсо, укук коргоо органдары ал депутатка атайын чара колдоно алышпайбы, деген пикирин бүгүн, 15-июлда NazarNews.kg маалымат агенттигине активист Кылыч Шанаев билдирди.
“Ирина Карамушкина, Жогорку Кеңеште төрдүн көркү болбой эле койсун. Кыргызстанга кызыкчылыгы болбосо, ички саясатын колдобосо депутаттык мандатын тапшырсын. Ал кылык-жоругу менен кыргыз элинин кыжырына тийип жатат. Аны менен эрмектешип олтурганга убакыт жок, бир сөз менен айтканда депутаттык мандатын тапшырсын. ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиеванын билдирүүсүнө, элди бөлүп-жаргандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү чара көрүлүшү керек”, - деди Кылыч Шанаев.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!