www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батукаевди аэропорттон узаткан депутаттардын жүзү качан ачылат?

Кызгалдак Жакыпова 17-июнь 2019, 11:45

Саясат


 Батукаевди аэропорттон узаткан депутаттардын жүзү качан ачылат?

Коомчулуктун бүйүрүн Азиз Батукаевдин иши эмне менен аяктары кызытып турган чак. Эми ким камалат, кимге кезек келди деген эле кеп жаралып калды. Аида Салянова менен Шамиль Атахановдун камалышы коомчулук үчүн күтүүсүз болгонун да айтыш керек. Булар камалат деп көпчүлүк ойлогон эмес. Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенде эле ошол кезде депутат болуп олтургандар, аны аэропорттон узатканы барышкан деген кеп тараган.

Кайсыл депутаттар барганы бүгүнкү күнгө чейин ачыкталбай келүүдө. Эми иш кызуу жүрүп жатканда, кимдер барганын, эмне үчүн барганын тергөө аныкташы керек. Феликс Кулов, Хаджимурат Коркмазов, Игорь Гусаров үчөө барышкан деп айтылып жүрөт. Буларды дагы тергөө суракка чакырып, айтылган сөздөрдүн чын-төгүнүн аныктап коюшу зарыл. Болбосо сөздөр көбөйүп кете турган болду.

Булак: "Жаңы Ордо"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83